​Бишкекте «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген митинг өтүп жатат

  • 5 лет мурун

Бишкекте бүгүн, 8-июнда, «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» «Унчукпай турба! Үн кат!» деген ураан алдында митинг башталды. Аны КСДП партиясы уюштурду.

Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңеш депутаты Анвар Артыков, Асел Кодуранова, коомчулук ж.б. катышып жатат.

Биринчи сөз журналист Мирбек Айтикеевге берилди. Ал өз сөзүндө бийликтен реалдуу күрөштү талап кылып чыккандарын билдирди.

Орозонун улуу күнүндө Дамир Мусакеевди чагылгандай тездик менен 5 жылга, экс- баш прокурор Аида Салянованы да камап койгондугун айтты.

Эки инсандын күнөөсү Алмазбек Атамбаев учурунда бири анын жансакчысы, экинчиси башкы прокурор болуп иштегендиги себеп болгондугу айтылды.

ЖЭБ боюнча сот да ачык болбой жаткандыгы белгиленди.

Бүгүн коррупциянын “символу” болгон адам тууралуу (Райымбек Матраимов-ред) бийлик гана унчукпаганы айтылды. Бийликтен бүгүн реалдуу күрөштү талап кылалы деди Айтикеев.

Сүрөт : «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты