​Алматы-Ош авиакаттамы ачылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 7-июнда, Казак авиакомпаниясынын Алматы-Ош рейси каттады.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Bombardier Q400 NextGen каттамы менен 64 жүргүнчү учуп келди.

Адаттагыдай эле биринчи келген учак каттамын Ош аэропортунда суу чачуу салтанаты менен тосушту.

Алгачкы жүргүнчүлөрдү Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, Казакстандын Ош шаарындагы консулу Данияр Атанов, QAZAQ Air компаниясынын төрагасы Адель Даулетбек, КР ТИМ өкүлү, Ош аэропортунун директору Талантбек Ысаков ж.б тосуп алышты.

Бул авикаттам жумасына эки жолу каттайт.

Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты