Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун соту уланып жатат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 7-июнда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланып жатат.

Адвокат Сергей Слесарев соттук коллегия төрагасы Кубанычбек Касымбековго ишеним көрсөтпөө тууралуу сотко арыз берген. Себеби Касымбеков үч ишти бир ишке бириктирип салган.

“Бул үч иштин бири-бири менен такыр байланышы жок” деди жактоочу.

Жактоочунун өтүнүчү канааттандырылган жок.

Ошондой эле иш менен алдын-ала таанышуу каралган эместиги айтылды.

Мектеп боюнча кылмыш иши өндүрушкө алынбаса да, каралып жатат деди жактоочу.

Ошондой эле соттук коллегия төрагасы Касымбековдун өзүнө кылмыш иши ачылган деп суроо беришти. Алардын суроосуна жооп болгон жок.

Кубанычбек Кулматов Калыс-Ордодогу мектепти курууда 2 миллион долларды пайдаланууда коррупцияга жол бергендиги боюнча айыпталууда.

Албек Ибраимов «Дастандын» жетекчиси кезинде 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Солнечный берег» пансионатын сатууда 152 миллион сомдук зыян келтирген жана жер бөлүүгө тиешеси бар деп айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты