​Кыргызстанда мыйзамсыз иштеген букмекерчилер чет элдик банктарга 1 млрд ашык сом чыгарып кеткен

  • 5 лет мурун

Кыргызстандда мыйзамсыз иш-аракеттен киреше тапкан, чет элдик жарандар тарабынан чет элдик банкты жана эл аралык төлөө системасын колдонуу менен уюштурулган туруктуу схема аныкталды.

Бул боюнча УКМк басма сөз кызматы маалымат таратты.

2015-жылдагы кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө КР Мыйзамына карабастан, “Т” кеңсесинин өкүлдөрү коммерциялык банк, төлөө терминалдары жана эл аралык электрондук төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, мыйзамсыз кирешесин мыйзамдаштыруу үчүн “Э” аттуу ЖЧК түзгөн жана маалыматтык-телекомуникация каражаттарынын жардамы менен спорттук оюндардын жыйынтыктары боюнча коюм катары төлөмдөрдү алып турган.

Ошентип, мындай жол менен табылган мыйзамсыз кирешелер чет өлкөлүк банк жана чет элдик төлөм системасынын эсебине чыгарылган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш чаралардын алкагында 35,7 млн. сом жана 31,1 миң АКШ доллар эсебиндеги акча каражаты алынды.

Мындан тышкары, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин айтылган компания Кыргызстандаын чегинен сырткарыф жайгашкан чет элдик банктарга 1 млрд. сомдон ашык которулган.

“Э” компания жетекчиси, чет элдик жаран Ю.А. КР УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты