​350 миң сомдук товар жана 76 миң сом зер буюм алдап алган жаран кармалды

  • 5 лет мурун

Кадамжайдан бир кишинин 350 миң сомдук товарын алдаган жана Баткенден экинчи кишинин жалпы суммасы 76 миң сомдук зер жасалга алып кеткен жаран кармалды.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Бул фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси, алдамчылык боюнча сотко чейинки иликтөө башталган.

Жакында ИИМдин Аймактар аралык башкарма кызматкерлери жогорудагы фактыларга шектелип Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочусу, 1963-жылы туулган З.А. кармалды.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты