​Таласта күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз алып киргендер кармалды

  • 5 лет мурун

УКМКнын Корррупцияга каршы кызматы Талас облустундагы “Чоң-Капка- автодорожный” өткөрүү пунктунан 3,2 тонна АИ-92 маркасындагы бензини бар, колго жасалган атайын кошумча күйүүчү май бактары менен эки оор жүк ташуучу автоунааны кармады.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бул ташылган мунай заттар салык төлөмдөрдөн качып мыйзамсыз сатылаары аныкталды.

Мунай заттарын мыйзамсыз ташуунун схемасынын уюштуруучусу Талас шаарынын жашоочусу Б.Т. экендиги аныкталды. Ал 2018-жылдан бери ташылган мунай заттарын облус аймагында мыйзамдаштыруу жана түштүк аймактарга жөнөтүү максатында Талас шаарында май куюуучу бекетти ижарага алган.

УКМК тарабынан аталган кылмышка катыштыгы бар адамдарды тактоо жана ушул сыяктуу каналдарга бөгөт коюу багытындагы кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты