Орок айылындагы окуянын хронологиясы

  • 5 лет мурун

Сокулук районунун Орок айылындагы окуя боюнча 31 жаран бошотулуп, бир жаран Сокулук районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бүгүн сот тарабынан баш коргоо чарасы аныкталат.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы маалымадады.

5- июнь саат 08:00. Окуя 2019-жылдын 5-июнунда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылында айт намаздан соң катталган.

Саат 08:30да. Эртең менен Сокулук РИИБине Орок айылында жаш адамдардын мушташып жаткандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Сокулук райондук ИИБ кызматкерлери барганда жогорудагы көрсөтүлгөн маалымат тастыкталып, үч жаш өспүрүмдөрдүн арасында мушташ чыккандыгы аныкталган.

Оозеки айтышуу мушташка айланып, анын кесепетинен 2013-жылы туулган эки өспүрүм денесинен ар кандай жаракат алышкан.

Өспүрүмдөрдүн мушташуу учурунда ушул эле айылда жашаган башка бала аларды бөлүштүрөм деп денесинен жаракаттарды алгандыгын белгилеп кетүү керек.

Андан соң, алар Бишкек шаарындагы аймактык ооруканалардын бирине жаткырылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык (Бейбаштык) сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Сокулук РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилди.

Болжол менен саат 12:00 чамасында аталган факты милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштыкка шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана 15 жаштагы А.А. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.
Саат 15:30 да айылдын аймагында жабырлануучу өспүрүмдүн туугандары чогулуп, окуя боюнча нааразычылыктарын билдиришкен.

Окуя болгон жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, анын ичинде Өкмөттүн Чүй облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү, Сокулук районунун акимиатынын жетекчилери келишип, чогулгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Милицмянын маалыматы боюеч жолугушу учурунда жабырлануучунун туугандарынын бири провокациялык мүнөздөгү иш- аракеттерге (терезелерди сындыруу жана башкалар) чакырган.

Топтолгон туугандар менен айылдаштардын айрымдары бейбаштыктын айынан үйлөрдүн бириндеги үйүлгөн чөптү өрттөп, болжол менен 12 үйдүн жана короолоруна коюлган автоунаа терезелерин талкалап салышкан.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында бейбаштык кылган 31 жаран кармалып, райондун ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнчө катталды.
Ага чейин ички иштер министрлиги Сокулук районундагы бейбаштыкты улуттар аралык чыр-чатак катары карабоо керектигин билдирген.

Азыркы тапта ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте күзөттө турушуп, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздашууда.

Бүгүн Орок айылында абал туруктуу.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Сокулук районунун Орок айылындагы мушташ учурунда денесинен жаракат алышкан өспүрүмдөр балдардын шаардык клиникалык ооруканасында жатышат.

Бирөө— интенсивдүү терапия бөлүмүндө, экинчиси— нейрохирургияда.
Чүй облустук ИИБ жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан күзөттөө уланып, ошондой эле, коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты