​ШКУ жыйынын чагылдырууга 300 дөн ашык чет өлкөлүк журналисттер келет

  • 5 лет мурун

22-майдан тартып, КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан 2019-жылдын 14-июнунда Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын чагылдыра турган чет өлкөлүк журналисттерди аккредиттөө иши башталган.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чараны чагылдырууга 300 дөн ашык журналисттер билдирүү жиберишти. Бул Беларусь, Индия, Иран, Кытай, Монголия, Пакистан, Россия, Өзбекстан жана Япония сыяктуу өлкөлөрдүн ЖМК өкүлдөрү, анын ичинде, КР ТИМден аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин (Франция, Улуу Британия, АКШ жана Германия) журналисттери.

Алардын ичинде: 30 телеканал, 10 радиостанция, 20 маалымат агенттиги жана 10 гезит, атап айтканда, «Россия сегодня» эл аралык маалымат агенттиги, CCTV кытай телеканалы, «Xinhua» маалымат агенттиги, «Россия» Бүткүл россиялык мамлекеттик телекөрсөтүү жана радио уктуруу компаниясы, УзА – Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги, “Indian Express, «Иомиури» япон гезити, Daily Pakistan жана башкалар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты