​Мирзиёев камактагы 575 жаранга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орозо айт майрамына карата камактагыларга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мамлекет башчынын жарлыгы менен жалпысынан 575 жаранга мунапыс берилет. Алардын 361и жазасынан толук кутулса, дагы 214 кишинин жаза мөөнөттү кыскарат.

Мунапыска илингендердин жетөө 60 жаштан ашкан, алтоо аял жана дагы бирөө чет өлкөлүк жаран.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты