Кытай ИИМге чопкутталган автоунааларды белек кылды

  • 5 лет мурун

Кытай өкмөтү Кыргызстандын Ички иштер министрлигине чопкутталган автобус, кичи автобус, жол тандабастарды жана машинелерди берди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, автоунаалардын жалпы баасы 30 миллион юанды же 4,3 миллион долларга жакын каражатты түзөт.

Быйыл майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи техникалык жардам жөнүндө макулдашкан.

3-июнда автоунааларды алып жатып Кашкар Жунушалиев техникалык жардам кыргыз милициясына кылмыштуулукка каршы күрөштө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) кийинки аптадагы саммитин өткөрүүдө жардам бере турганын билдирген.

ШКУга мүчө мамлекет башчылардын саммити быйыл 13-14-июнда Бишкекте өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты