​“Алтын” балык алгыңыз келеби? Анда бул дүкөнгө кириңиз!

Балыктардын сырдуу жашоосун Бишкектеги «Алтын балык» дүкѳнүнүн сатуучусу Валентина Шишлова жакшы билет. Бул дүкѳндүн ачылганына 15 жылдан ашып, балыктын түрү сатылат.

—Биз балыкты Москва, Кытай мамлекеттеринен жана Бишкек шаарында балык ѳстүргѳн жайлардан келишимдин негизинде алабыз. Балыкты алып келгенден кийин ѳзүбүз он күндүн тегерегинде багабыз. Анткени алардын ден соолугун чыңдап, биздин сууга кѳндүрүшүбүз керек, -дейт ал.

Балыктарга суу куюп гана койбостон, аквариумдун ичине ар кандай , кооз балыр же хан сарай сыяктуу оюнчуктарды койсо болот.

Цихлида балыгына оюнчук керек

Валентина айымдын айтымында:

— Цихлида балыгына сѳзсүз балыктын кѳңүлүн ача турган оюнчук коюш керек. Анткени ал жырткычыраак жандык келгендиктен, катуу ойноп күчүн чыгарат же цихлидадан кичинекей балыктар коргонушат,- дейт

Сатуучунун айтымында аквариумга жѳнѳкѳй ташты салууга болбойт, таштын түзүлүшүн байкап, сууга бир канча мүнѳт кайнатып, анан салыш керек.

Сатылып жаткан таштардын коозун сураба, деңиз жээгине түшүп калгандай эле болосуң.

Дүкѳндѳ балыктар гана эмес алардын азыгы, дарысы, кооз таштары жана аквариумдары да сатылат.

Аквариумду балыктын санына жана чоңдугуна жараша алыш керек. «Алтын балык» дүкѳнү аквариумду Кытайдан алып келет, баасы 300-15000 сомго чейин.


Сатуучунун балыктар дүйнөсү тууралуу маалыматы арбын

—Балыктын түрү кѳп, алардын ар бирин карап, ден соолугун текшерип, азыгын берип , кардарга тапшырып бергенче кыйынчылыктар кѳп болот. Балыкка азыкты Өзбекстан, Россия, Германиядагы фирмалар менен иштешип алып келебиз.

Түркүн-түстүү балыктар: теренция, пираньи, чёрный нож, акулий балу, акулий барбус, каламоихт, сомик, полиптериус, лабео, дельфин аттуу түрлѳрү бар. Алардын баасы 60 сомдон жогору турат.

Жакын арада филиалдарды ачып дүкѳн кѳбѳйткѳндүн ордуна балыктарды кѳбѳйткѳнүбүз жакшы,- дейт Валентина айым.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөрү: Автордуку

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты