Акысыз юридикалык консультация

Акысыз юридикалык консультация

Ушул жылдын 20-23-июнунда Кыргызстандын бардык аймактарында КР Юстиция министрлиги калкка акысыз юридикалык консультация берүү максатында “Өз укугуңду бил”  аттуу акция өткөрдү. Иш-чарага Европа бирлиги демөөрчү болду.

Юристтер, нотариустар, адвокаттар, мамлекеттик Каттоо кызматынын жана Жарандык актыларды каттоо кызматынын адистери акысыз юридикалык консультация беришти. Жарандар өздөрүн түйшөлдүргөн маселелер боюнча адистерден кеңеш алышты.Айрыкча кыймылсыз мүлктү каттоо, паспорт, мамлекеттик жөлөкпул алуу, жарандык актыларды каттоо, мурас ж.б. суроолор басымдуулук кылды.

Былтыркы жылы ушундай иш-чара учурунда 5000ге жакын жаранга акысыз консультация берилген.

Баткенде

Акысыз юридикалык консультация21-23-июнда биз Баткен жана Ош облустарында өткөн акысыз юридикалык консультация берүү акциясынын жүрүшүнө күбө болдук.

Акысыз юридикалык консультация берүүнүн максаты тууралуу Баткен облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы Маматаир Карымшаков  мындай деди: 

Акысыз юридикалык консультация

—Акысыз консультация берүү иш-чарасын Европа бирлиги каржылап жатат. Мындагы биздин негизги максатыбыз — суусап турган жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү болуп саналат. Айрым жарандар тиешелүү суроолор менен каякка жана кимге кайрылууну жакшы билбейт. Акциянын жүрүшүндө маселе чечүүнүн жол-жобосун айтып, кайсы мекемеге же кимге кайрылуу жагын кулак кагыш кылабыз. Акция учурунда адвокаттар, юристтер жеке жак катары акысыз юридикалык кызмат көрсөтөт. 2 жылдан бери Юстиция министрлигинин демилгеси менен акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү акциясы уюштурулууда.

Негизинен жарандар жер маселеси, үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, миграция, паспорт, жарандык актыларды каттоо, укук коргоо, сот органдарындагы ж.б. маселелер боюнча кайрылып жатышат. Аларга юридикалык жардам көрсөттүк.

2016-жылы КР өкмөтү тарабынан жарандардын укуктук маданиятын көтөрүү иш-планы бекитилген. Биз кеңсеге деле отурбай, айыл өкмөттөрүнө, элге чыгып жатабыз. Жакында эле Кулундуга барып келдик. Жарандардын конституциялык укугун коргоонун негизинде, акысыз укуктук жардам берүү каралган. Жакында Юстиция министрлигинин алдында атайын борборлор ачылды. Анын максаты, биринчиден, консультациялык жардам берүү, экинчиден, квалификациялуу жардам көрсөтүлүп, мамлекеттик кепилдик камсыздалат. Аз камсыз болгон жарандарга, майыптарга, аскер кызматкерлерине, оор кылмыш кылгандарга ж.б. адвокат дайындалып, ал адвокаттын айлыгы мамлекеттик бюджеттен каржыланып турат. Жакында Баткен облусу боюнча эки борбор, анын бири –Исфанада, экинчиси — Кадамжайда ачылды, — деди облустук юстиция башкармалыгынын башчысы.

Кимдер кайрылды?

Акысыз юридикалык консультацияАлдын-ала жарыя болгон маалыматка ылайык, акысыз юридикалык консультация берүү учурунда жарандар жүрөк өйүткөн көйгөйлөрү менен арбын кайрылып жатышты. Алардын айрымдарын сөзгө тарттык. Кайрылгандардын бири — Базар-Башы айылынын башчысы Толгонай Сейдалиева өз көйгөйү тууралуу бизге айтып берди:

—1993-жылы күйөөм жер алып, аны 20 жыл ичинде өздөштүрүп алгандан кийин жерди талашкандар чыкты. Менин чечимимди жокко чыгарып, пулу көптөр соттор менен келишим түзүп алып, мамлекеттик каттоодон өткөрүп, жерди бизге берген чечимди  жокко чыгарып жатышат. Бул жактагы акция учурунда мен тиешелүү консультацияны ала алдым, — деди адвокаттардан акысыз юридикалык консультация алган жаран.

Акысыз юридикалык консультацияСуу-Башы айылынан Дарибай Паизов балдары акционердик коом менен келишимсиз иштеп, эми акчасын ала албай жүргөнүн айтып, балдарына тиешелүү кеңеш алып кайтты.

Гүлжакан Баймуратова акысыз консультация алганына Акысыз юридикалык консультациякубанып жатты:

—Баткенге түшүп калсам, мага окшогондорго жардам берилип жатыптыр. Жалгыз боймун,  Неберелеримди багып жатам. Жээн неберелеримдин  атасынан кандай жардам алууга укугубуз бар деп кайрылдым, — деди ал.

Токтогул олуя конушунан Калбай Шерматов каза болуп калган бир тууган инисинин тамын өзүнүн баласына кантип каттатуу маселеси менен кайрылган.

Ушул жылдын 20-23-июнунда өткөн Баткен шаарындагы акысыз юридикалык консультация берүү учурунда кайрылган жарандар адистерден тиешелүү жооп алып кайтып жатышты.

Баткен облустук аймактык адвокатурасынын кеңешинин төрайымы Токтокан Муратова мындай деди:

—51 адвокат калкка жардам берели деп келип, көйгөйү бар жарандарга жардам берип жатабыз. Кээ бир активисттер, ажырашуу, атасын аныктоо, жер маселеси ж.б. суроолорго жооп алышты, — деди.

Ош шаарында

Акысыз юридикалык консультация

Жогоруда аталган акысыз юридикалык консультация берүү акциясы Ош шаарында да өтүп жатты.

Ош шаарынын мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин ага нотариусу Рахат Зулпукарова иш-чара тууралуу Акысыз юридикалык консультациямындай деди: 

—Юстиция министрлиги тарабынан бул уюштурулган акция пайдалуу болуп жатат. Нотариат — укук коргоо орган тармактарынын бири. Кайрылган жарандардын укугун камсыз кылуу менен бирге анын кайрылган иш-аракеттери боюнча жардам беребиз. Акция учурунда мурастык укук, приватташтыруу, жеке маселеге байланыштуу суроолор арбын. Көп эле жарандар  укугун биле бербейт. Эки саатта 20 адамга жакын жеке жаран жана юридикалык тараптар кайрылды, — деп айтты.

Ош облустук жана Ош шаарынан юстиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Хамид Шералиев:

Акысыз юридикалык консультация— 2016-жылдын 4-кварталында КР Юстиция министрлигинин буйругу менен жарандардын укуктук жактан маалыматтуулугун жогорулатуу максатында “Өз укугуңду бил” аттуу акция уюштурулган. Быйыл да иш-чара 23-июнда, юристтердин күнүнө карата Юстиция министрлигинин демилгеси менен өткөрүлүп жатат. Максаты — элдердин укуктук сабаттуулугун жоюу, билбеген проблемалуу маселелерине укуктук жактан маалымат берүү, аларга жол көрсөтүү, консультациялык жана квалификациялык жардам көрсөтүү болуп саналат.  2015-жылы башталып,  Ош шаарында, Кара-Суу районунда ишке кирген. 2016-жылы Кара-Кулжа, Алай райондорунда ачылды. Андан кийин Араван, Өзгөн райондорунда болду.

Ош шаардык адвокатурасынын адвокаты Тамара Бегимкулова:

—Акциянын жүрүшү элге жакшы жардамдарды берүүдө. Акция учурунда жер маселеси, соттордогу иштер, жарандык актыларды каттоо жагынан көп суроолор боюнча консультация берилди, — деп айтты.

Айгүл Бакеева,

Бишкек-Баткен-Ош-Бишкек

Фотосүрөттөрдү автор тарткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты