​Салык кызматы товарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча «шыр байланыш» түздү

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга товар жана күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча жарандардын кайрылуу жана маалыматтарын кабыл алуу үчүн «шыр байланыш» түздү.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жарандар (0312) 61-31-89 номери боюнча ишеним телефонуна же WhatsApp боюнча (0779 )61-31-89 уюлдук номерине кайрыла алышат.

Билдирүүлөр күнү-түнү кабыл алынат.

Кайрылуу саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин (саат 12.30 дан 13.30 га чейин түшкү тыныгуу) кабыл алынат. Жумуш убактысынан тышкары, дем алыш жана майрам күндөрү «шыр байланыш» телефону боюнча “авто жооп берүү” менен ишке ашырылат.

Салык кызматынын ишиндеги башка маселе боюнча жергиликтүү салык органдарына же Салык кызматынын Маалымат борборуна 1240 номери аркылуу кайрылууга болот.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты