​Президенттик аппараттын экс-бөлүм башчысы Манас Арабаев кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук Комитетинин Коррупцияга каршы кызматы президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн экс-башчысы Манас Арабаевди кармады.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы, кызмат абалынан пайдаланган кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу боюнча иш уланып жатканын билдирди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренеси боюнча шектелип, Манас Арабаев 2-июнда кармалды.

Ал УКМКнын тергөө абагына камалды.

Манас Арабаев 2018-жылдын 15-майында кызматтан алынган.

Арабаевди кызматтан бошотуу өлкөнүн саясий жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясатка туура келбегендиги, саясий жетекчиликтин ишениминен чыккандыгы менен байланыштуу деп айтылган.

Манасбек Арабаев бул кызматка 2015-жылдын 5-февралында дайындалган.

Кийинки мезгилде соттук териштирүүлөргө байланыштуу анын аты өлкөдөгү көп сандаган соттогу адилетсиздик, сотторго кысым көрсөтүү менен байланыштырылып келген.

Арабаевди сотторду башкарып, аларга кысым жасоо менен адилетсиз чечимдер чыгып жаткандыгы тууралуу байма-бай айтылып келген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты