«Коррупцияга каршы чыныгы күрөш» үчүн митинги өтүп жатат

  • 5 лет мурун

Бишкекте бүгүн, 3-июнда, «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген ураан алдында тынч митинг өтүп жатат.

Анда Социалдык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартова митингдин максаты коррупцияга каршы чыныгы күрөш талабы экенин билдирди.

Анда акыйкаттык таба албай жаткан жарандар өз талабын айтып жатышат.

Укук коргоочу Азиза Абдурасулова УКМКдан тергөө амалдарын алып салыш керек экенин, тынч митинг өткөрүүгө бөгөт коюлуп жатканын билдирди.

Жарандар ошондой эле сотторго нааразылыктарын да билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты