​Уранды изилдөөгө жана иштетүүгө Өкмөт тыюу салды

  • 5 лет мурун

Радиоактивдүү элементтерди, анын ичинен уранды, геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө Өкмөт тыюу салды.

Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2-июнда буйрукка кол койгонун Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Мыйзамдык жөнгө салууга чейин, Жогорку Кеңештин 2-майдагы калктын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө токтомун аткаруу үчүн радиоактивдүү элементтерди (уран) геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.

Радиоактивдүү элементтердин, анын ичинде урандын, калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салынбайт.

Буга чейин коомчулук уранга каршы чыгышкан. Өткөн айда Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан.

Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон.

Жогорку Кеңеш «кен иштетилбесин» деген токтом кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков уран казылбай турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты