​Сапар Исаков Райым Матраимовго байланыштуу «Азаттыктын» иликтөөсүн кошумчалады

  • 5 лет мурун

Абакта жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаков акыйкаттык издөөдө журналисттерге жардам берүү ниетин билдирип, «Азаттык» радиосунун Райым Матраимовго байланыштуу иликтөөсүнө кошумча маалыматтарды жазып, адвокаттары аркылуу берди.

Бул тууралуу КСДП басма сөз борбору билдирди.

Сапар Исаков 2017-жылдын ноябры же декабрында Президент Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү боюнча «АККА» компаниялар тобунун жетекчиси Хабибулла деген адамды кабыл алганын билдирген.

«Сооронбай Жээнбеков Хабибулла менен жолугуумду өтүнүп, анын компанияларынын тобу ири капиталга ээ экенин жана алар Кыргызстандын экономикасына көлөмдүү каражаттарды инвестициялоого ниеттенип турушканын белгиледи» деди Исаков.

«Хабибулла Өкмөт Үйүнө Президент С. Жээнбековдун сакчыларынын күзөтүүсүндө, башкача айтканда, өткөрүү бюросу аркылуу өтпөй, түз келди. Муну Бегимай Акимбаева менен күзөттүн мурдагы начальниги тастыктап бере алышат» деди Сапар Исаков

Ал ошол эле күнү Хабибулланы кабыл алганын айтты.

“Ал баарынан да Мегаком компаниясына, «Кыргызстан» улуттук авикомпаниясына, «Нарын» ЭЭА индустриалдык –логистикалык борбордун курулушуна финансы каражаттарын инвестициялоого көбүрөөк кызыкты” деди Исаков.

Сапар Исаков кийин аталган ишкана “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кытайлык «Хуавей» компаниясы менен бирге катышуу боюнча келишимге кол коюлуп, кийин милдеттенмелерди аткарбаганы үчүн жокко чыгарылганын да кошумчалаган.

Экс-премьер кийинчерээк инвесторлор менен «АККА» «Коопсуз шаар» долбоорун чогуу инвестициялоого макулдашканы белгилүү болду деди. Мында КРнын Өкмөтү инвесторлор менен АККАнын ортосундагы кызматташуу туурасындагы сүйлөшүүлөргө катышпаганын белгиледи.

“Мени отставкага кетиришкенден кийин бир жумадан соң, айрым маалымат каражаттарынан жогорудагы АКАнын башчысынын Райым Матраимов менен эчактан бери байланышы бар экенин билдим. Бирок тилекке каршы, колумда эч кандай факты жок эле» деди экс-премьер Сапар Исаков.

“Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакунов “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу журналисттик иликтөөсүндө Райымбек Матраимов жана “АКА Петролеум” аттуу ишкананын жетекчиси Хабибулла Абдыкадир жөнүндө да сөз кылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты