​Казакстанда шайлоо тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндүгү үчүн Exclusive.kz сайтына айып салынды

  • 5 лет мурун

Алматынын административдик соту «шайлоого байланыштуу сурамжылоо жүргүзүү эрежесин бузгандыгы үчүн» Exclusive.kz сайтына 75 750 теңге (200 доллар) өлчөмүндө айыппул салды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди .

Айыпталуучу тарап бул өкүм боюнча жогорку баскычка он күндүн ичинде апелляциялык арыз менен кайрыла алат.

Сайттын жетекчилиги айыптоону четке кагып, сурамжылоо жүргүзүүнүн алдында мыйзамда каралгандай өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдонгонун билдирүүдө.

Соттун материалдарына ылайык, сурамжылоо 5-майда басылманын YouTube сервисиндеги баракчасында жүргүзүлүп, кийин анын жыйынтыктары Exclusive.kz сайтына жарыяланган. Сурамжылоого жалпысынан 120 киши катышкан.

Өткөн жумада социалдык түйүндөрдө шайлоо тууралуу сурамжылоо жүргүзгөн эки жарандын ар бири 37 875 теңгеден (100 долларга жакын) айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты