​Депутат Касымалиева: «Барак Обама мен күткөндөн алда канча кыйын инсан экен»

  • 5 лет мурун

Депутат Аида Касымалиева Оттава шаарында жаш лидерлер арасында Барак Обама менен жолугушканын фейсбук баракчасына жазды.

«Барак Обама менен жолугушуудан жаңы эле чыгып, сиздер менен бөлүшүп коеюн дедим.

АКШнын экс-президенти Оттава, Канадада өтүп жаткан Ачык өкмөт өнөктөштүгү глобалдык саммиттин алкагында Аргентина, Эстония, Украина, Кения, Ооганстан, Канададан келген жаш лидерлер менен жолугушту.

Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен.

Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, дароо баарыбызды атыбыздан айтып, өмүр бою ар бирибизди билгендей сезим калтырды.

Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Айтор, эмоция көп.

Канадада өтүп жаткан саммитте дүйнө жүзү боюнча тандалып алынган лидер аялдар тууралуу тасманын бет ачары болуп, анда сөз сүйлөдүм (тасмага мен да тартылган элем). Жакынкы күндөрү ачык парламент боюнча биздин Жогорку Кеңештеги жумушчу тобубуз иштеп чыккан кадамдарды парламентте талкуулайбыз.

Баарыңыздарды бүгүнкү балдарды коргоо күнү менен куттуктайм» деди ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты