«Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» митинги өтөт

  • 5 лет мурун

Бишкекте 3-июнда «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген ураан менен тынч митинг өткөрүлөт.

Бул тууралуу жарандык активист, Социалдык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди.

«Азыр биз чечкиндүү кадамга барбасак, эч нерсе оңолбойт окшойт. Сизди азыркы коррупция менен күрөш канааттандырабы? УКМКнын иши канааттандырабы? Миллиондор бюджетке түшпөй жатканы, ошол маселеге бийлик кош көңүл болуп, күрөш саясий багытка оогону сизди канааттандырабы?» деп ал окурмандарга кайрылып, фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

Карасартова мэрияга эки саатка созула турган митингди 3-июнда өткөрүү пландалып жатканы тууралуу билдирүү жөнөттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты