​Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин иши сотко өттү

  • 5 лет мурун

Дүйшөнбек Зилалиевге козголгон кылмыш иши УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип бүтүп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Зилалиевге кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси, мыйзамсыз баюу беренеси боюнча козголгон.

2010-2017-жылдары ар кыл жетекчи кызматтарда, анын ичинде Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору, вице-премьер, ошондой эле мамлекеттик мүлк фондунун директору болуп иштеп, өзүнүн расмий кирешесинен тышкары байлык топтогондугу боюнча айыпталууда.

29-майда Баш прокуратура кылмыш ишин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди.

Экс вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев өлкөдөн кетүүгө аракет кылып жатканда аэропорттон кармалган.

УКМК Зилалиевдин үйүн тинтүүгө алганда баалуу буюмдарды жана 3 млнго жакын сом, 100 миң доллар тапкан:

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты