​Жээнбеков Нарендра Моди менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-майда Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жээнбеков Нарендра Модини «Бхаратия Джаната парти» партиясынын парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши жана Нарендра Модинин Индиянын Премьер-министри болуп кайра шайланышы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр Нарендра Моди эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыктын кеңири спектри боюнча маселелерди талкуулашты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты