«КТ Мобайл» чуусу: Эрназар Иманкадыр уулу алган айлыгын кайтарып берди

  • 5 лет мурун

«КТ Мобайл» компаниясынын мурдагы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу кызматта турганда алган 787 миң сомду кайтарып берди.

Бул тууралуу ал фейсбук баракчасында айтып чыкты.

—Мындай чечимге эл «КТ Мобайлды» Премьер-министрдин туугандары менен байланыштарбасын деген максатта кабыл алдым,-деди ал.

—Баары эле долбоордун өзүнө кол шилтеп жатат. «Салам» эң жакшы долбоор экенине ишенем. Ал долбоор иштеш керек. Кыргызстанда улуттук уюлдук долбоор болушу керек.

Мен компаниядан кетейин деген чечим кабыл алдым. Мен азыр алган айлыгымды толук кайтарып бердим, -деди Эрназар Иманкадыр уулу .

«ПолитКлиника» медиасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназардвн «КТ Мобайлда» иштеп жаткандыгы тууралуу жазып чыккан.

Бүгүн, 31-майдагы, парламенттик талкууда Мухаммедкалый Абылгазиев 2-майга чейин Эрназар Иманкадыр уулунун «КТ Мобайлда» иштегенин билген эместигин, муну кудай алдында да айтып берээрин билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты