​«Кыргызтелеком» боюнча сегиз кылмыш иши ачылган

  • 5 лет мурун

Депутат Рыскелди Момбековдун суроосуна жооп кылып, баш прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев «Кыргызтелеком» боюнча 8 кылмыш иши козголгонун бүгүн, 31-майда, «КТ Мобайл» компаниясы боюнча парламенттик комиссия учурунда билдирди.

Депутат Рыскелди Момбеков кылмыш иштеринен бюджетке 1 миллиард сомго жакын зыян келгенин билдирди.Депутат Момбеков ошондой эле 1 га 28 сотых жер болгону 5 млн сомго сатылып кеткени тууралуу айтты.

Депутаттык комиссия «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтеп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты