​«КТ Мобайл» жыштыгы 2 млрд сом турат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 31-майда, «КТ Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссияда депутат Марлен Маматалиев «КТ Мобайл» компаниясынын жыштыгы 2 млрд сом турарын билдирди.

Маматалиев Өкмөт жыштыкты сатпай, жеке компанияга калтырганы туура болгондугун айтты. Бирок кеп анын ишмердүүлүгүндө, туура эмес иш алып барганында болгондугу баса белгиленди.

«КТ Мобайл» компаниясынын иши боюнча коомчулук чон маселе көтөруп чыккан. Натыйжада Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басарлыгы кызматынан кеткен.

Ошондой эле «КТ Мобайлдын» баш директору Нурбек Мукамбетов кызматынан бошогон.

“Ачык Өкмөт” секретариатынын жетекчилигинен Иманкадыр Рысалиев отставкага кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты