«КТ Мобайл» чуусу: Кызматкерлерге 3 күнгө 70-100 миң төлөнүп берилген

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 31-майда, «КТ Мобайл» компаниясындагы абал боюнча парламенттик комиссияда талкуу өтүп жатат.

Анда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат берди.

Депутат Мирлан Жээнчороев «КТ Мобайл» компаниясы карыздарын төлөбөстөн, биринчи кезекте кызматкерлердин айлыгын карашканын айтты. Бир кызматкер 3 күндө 100 миң сом алган, дагы бирине үч күнгө 70 миң сом төлөп берген.

«КТ Мобайл» компаниясынын тегерегиндеги маселе коомчулукта, ЖКда сын-пикирге дуушар болгон жана ал маселе парламенттик комиссияда каралып жатат,

«КТ Мобайл» компаниясындагы чуудан кийин Өкмөт аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов кызматынан кеткен.

Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, «Ачык Өкмөт» улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинин айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды деп айтылган.

«Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жаманкулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутуп, баласына чейин асылганын билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басарлыгы кызматынан бошогон, баш директору Нурбек Мукамбетов кызматынан бошогон.

“Ачык Өкмөт” секретариатынын жетекчилигинен Иманкадыр Рысалиев отставкага кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты