«КТ Мобайл» чуусу: Эрназар Иманкадыр уулуна бир миллионго сомго жакын айлык төлөнүп берилген

  • 5 лет мурун

Эсеп палатасынын отчетунда айтылгандай, Иманкадыр Рысалиевдин уулу директордун орун басары кезинде Эрназар Иманкадыр уулуна «КТ Мобайл» компаниясы 972,1 миң сом төлөп берген.

Штаттык расписаниеси боюнча «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун мурдагы орун басары Эрназар Иманкадыр уулуна 194 миң 410 сом айлык акы каралган. 2019-жылдын 8-январында эмгек келишиминде анын айлыгы ушундай суммада каралган.

2019-жылдын январь айынан апрель айына чейин Иманкадыр уулуна 972, 1 миң сом төлөнуп берилген. Анын ичинде 194,4 мин сом сый акы каралган. Салык кармалгандан кийин ага 787,6 мин сом төлөнүп берилген.

Ал эми буга чейин Эрназар Иманкадыр уулунун айлыгы 157 миң сом болгондугу айтылган. Ал эми баш директору Нурбек Мукамбетов айлык албай иштеген

Коомчулукта чуудан кийин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басарлыгы кызматынан кеткен.

Ошондой эле «КТ Мобайлдын» баш директору Нурбек Мукамбетов кызматынан бошогон.

“Ачык Өкмөт” секретариатынын жетекчилигинен Иманкадыр Рысалиев отставкага кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты