Эл өкүлү Нурбаевдин демилгеси менен уюштурулган өспүрүмдөр конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланат

«РухЭш» сайты жарыялаган «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» деген темадагы мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн дилбаян жазуу боюнча республикалык чыгармачылык конкурстун жеңүүчүлөрү аныкталып, алардын аты-жөндөрү “Маданият, тарых жана тил” телеканалы аркылуу 28-май күнү, саат 20-00дө түз эфирде жарыяланды.

Төмөндө калыстар курамынын чечими менен жеңүүчү деп табылган окуучуларды тааныштырабыз:

1-орун (8000 сом). Аксы району, Кум айылы. №32 Орозбай Көчкөнов орто мектебинин 8-классынын окуучусу Жыргалбаева Айдай;

2-орун (7000 сом). Алай районунун Терек айылындагы К. Султанов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Жумабек кызы Перизат;

3-орун (6000 сом). Нарын облусунун Нарын районунун Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Жолдошбек уулу Бектур;

4-орун (5000 сом). Баткен областы, Баткен шаары, Кызыл-Жол орто мектебинин окуучусу 8-“А” класс. Бакытбек уулу Кутманбек;

5-орун (4000 сом). Балыкчы шаарындагы №4 гимназия мектеби, 11-“Б” классынын окуучусу Алтынбекова Бегайым;

6-орун (3000). Жусупова Риза (Дарегиңизди, мектебиңизди толук жазып, сайт аркылуу байланышууңузду суранабыз, биз менен байланышуу: 0770355507 номуру);

6-орун (3000). Бишкек шаарындагы Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын 11-классынын окуучусу Асакеев Элхан Адилетович

6-орун (3000). Балыкчы шаары, № 4 гимназия мектеби, 8- “А” классы, Карагулов Акылбек Алтынбекович;

7-орун (2000). №4 гимназия мектеби, 8-“Аклассынын окуучусу Райымбек кызы Мээрим (Жашаган жериңизди толук билдирип коюуңузду суранабыз же биз менен байланышуу: 0770355507 номуру);

8-орун (1000). Балыкчы шаары, №4 гимназия-мектеби, 10-«А» класстын окуучусу Мирлан уулу Сыймык;

8-орун (1000). Ош обл., Алай району, № 35 Сатар Карыев атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу Кадырбаева Нураида. .

Байгелерди тапшыруу аземи 17-июнь, саат 12-00дө Бишкек шаарынын «Шанс» китеп дүкөнүндө өтөт. Толук дареги: Манас проспекти, 61. «Шанс» китеп дүкөнү.

Жеңүүчү деп табылган ар бир окуучу акчалай сыйлык менен бирге Роза Айтматованын «Тарыхтын актай барактары» жана «Кылычсыз Самурай» аттуу китептер менен сыйланат!

Калыстар курамынын өкүлдөрү:

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ — Бириккен Араб Эмирлигинин биринчи президенти Зайд ибн Султан ал-Нахайяна атындагы университеттин доценти;

Абдыкерим МУРАТОВ – жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы. И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын профессору;

Дүйшөн ШАМАТОВ – Билим берүү илиминин доктору, Казакстандын Астана шаарындагы Назарбаев университетинин мугалими;

Жетиген АСАНБЕК – «РухЭш» сайтынын шеф-редактору, котормочу жана мугалим.

P.S. «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты келечек муундагы жаштардын ой өрүшүн, чыгармачылык жөндөмүн арттыруу максатында аталган конкурсту жыл сайын салттуу түрдө улантууну көздөгөн демилгеси жана демөөрчүлүккө алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абдывахап Нурбаевге терең ыраазычылыгын билдирет!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты