​Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча прокурор кармалды

  • 5 лет мурун

Айтылуу кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча прокуратура кызматкери М. А. кармалды.

Бул тууралуу ЖМК билдирди.

Батукаевди бошотуу убагында ал «атайын прокурор» болгондугу белгиленди.

М.А. Нарын прокуратурасында иштеп жаткандыгы айтылууда.

Азиз Батукаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун сотунун өкүмү менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылган. 2013-жылы рак болуп ооруган деп абактан бошотулган.

2019-жылы январь айында Батукаевдин иши кайра карала баштаган. Аны негизсиз бошотууга катыштыгы бар деп шектелген бир катар кызмат адамдары, врачтар камалган.

Бул иш боюнча экс-вице-премьер Шамил Атаханов, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качыналиев, бир нече врач кармалган. Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева камалып, кийин үй камагына чыгарылган. Нарын шаарынын мурдагы соту Ж. Э. нин жоопкерчилиги карала баштаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты