Биринчи Май салык кызматкери пара менен кармалды
- 5 лет мурун
Улуттук коопсуздук комитети Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук салык башкармалыгынын кызматкери О.М. ди 24-майда пара алып жатканда кармады.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган киши ыктыярдуу патентти кайра каттоо маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылгандыгы аныкталды.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
О.М. УКМК тергөө кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү