Эмгек рыногунда суроо-талап жогору 10 адистик кайсылар?

  • 5 лет мурун

Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2018-2022-жылдарга карата адистиктердин болжолдуу суроо-талап картасы жаңыланды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Ал картага ылайык, бүгүнкү күнү суроо-талап жогору 10 адистикке төмөнкүлөр кирет:

  • Маалыматтык коопсуздук;
  • Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму;
  • Тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы;
  • Технологиялык машиналар жана жабдуулар;
  • Медицина;
  • Менеджмент;
  • Маркетин;,
  • Агрардык инженерия;
  • Курулуш;
  • Билим берүү.

Ошону менен бирге суроо-талап эң жогору жана кеңири жайылган адистиктер булар: IТ-адиси, долбоорлоочу инженер, окутуучу, юрист, медик, маркетолог, тейлөө кызматы жана эколог кесиптери.

Жыл сайын Өкмөт тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнүп берилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты