Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Сооронбай Жээнбеков 28-майда Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Кыргызстан жана Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери боюнча Жол картасы ишке ашырылууда.

Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Президент эки күндүк иш сапары менен Казакстанда жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты