​Жээнбеков: «Чек ара коргоодон ыйыл милдет жок”

  • 5 лет мурун

«Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок» деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Куралдуу Күчтөрдүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта.

Мамлекет башчы Чек ара жана Куралдуу күчтөр кызматындагыларды куттуктап, өз өмүрүн элге кызмат кылууга арнагандардын элесине таазим көрсөтүү керектигин белгиледи:

—Террорчулар менен кармашта капитан Курманбек Ыкышев, контрабандачылар менен кармашууда лейтенант Канат Дүйшөналиев, Баткен окуяларында майор Бейшенбек Раимбеков, Нарын дарыясына чөгүп бараткан кишилерди сактоо учурунда майор Курманбек Жаныбеков, өз милдетин аткарууда капитан Талантбек Дарчибаев жана майор Канат Абдылдаев курман болушту.

Аталган офицерлердин ысымдары чек ара заставаларына ыйгарылды.

Бүгүн аты аталбай калган чек арачылардын элесине башыбызды ийип, таазим этебиз.

Ар кандай терроризм жана экстремизм коркунучтары болуп жаткан мезгилде чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок, -деди Президент салтанатта сөз сүйлөп.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты