​Айнура Аскаровага депутаттык мандат тапшырылды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 27-майда, Борбордук шайлоо комиссиясы Айнура Аскаровага Жогорку Кеңеш депутатынын мандатын тапшырды.

Айнура Аскарова “Кыргызстан” фракциясынан Айтмамат Назаровдун ордуна мандат алды.

Назаров 23-майда депутаттык мандатын тапшырган. Ал улуттук Энергохолдингди жетектеп калды.

Буга чейин аталган фракцияда аял депутат узак убакыттан бери болгон эмес.

Айнура Аскарова “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын сектор башчысы болуп иштеп келген.

Ал Ж.Баласагын атындагы КМУнун журналистика факультетин, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясын, Арабаев атындагы университеттин аспирантурасын аяктаган.

Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын эксперти, Арабаев атындагы университеттин окутуучусу, “Кыргызстан” фракциясынын эксперти, “Замандаш” саясий партиясынын түптөөчүсү жана саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңеш депутатынын консультанты, Жогорку Кеңеш төрагасынын пресс-катчысы, Билим берүү министрлигинин пресс-катчысы, “Замандаш” журналынын редактору, “Эркин-Тоо” гезитинин баяндамачысы кызматтарын аркалаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү, Коомдук теле-радио компаниясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон. Мамлекеттик кызматтын 1- класстагы кеңешчиси. Үй-бүлөлүү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты