Шаар тазалагычтар

Бишкек шаарыбыз бүгүнкү күндѳ ар кандай таштандыга толуп калды.

Селсаяктардын жашоосун, албетте, актабайбыз, бирок алардын таштанды фильтрлеген ишин айта кетсек болот.

Алар таштандынын арасынан кагаз, желим баштык, желим жана айнек бѳтѳлкѳ, картон-кагаздарды жыйнап кетишет. Ар бир таштандыны өз-өзүнчө ылгап, аны сатып оокат кылышат.

Айнек бѳтѳлкѳнү алар 3.5 сомдон, кагаздын бир килограммын 5 сомдон сатышат. Күнүнѳ ошентип, 1000 сомдон ашык акча табышат экен.

Желим бѳтѳлкѳнү селсаяктардан алып, Москва шаарына жѳнѳтүп пайда тапкандар да бар.

Биз, шаардыктар, таштандыны өз-өзүнчө бөлүп таштасак жакшы болмок.

Айгүл Молдоканова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты