Жээнбеков бийлик бутактарынын жетекчилери менен жолугушту

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-майда, Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку сот төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда өлкөнүн күн тартибинде турган олуттуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчы экономиканы өнүктүрүү, жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө чакырды.

Президент актуалдуу маселелердин бири катары сот-укуктук реформаны жүргүзүүнү атады.

Сооронбай Жээнбеков Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты