​Бир күнгө “күйөө бала” болот

Бишкек шаарында Улан Ыктыбаев малды союп берип, жиликтеп, бышырып, устукандап берет.

Алгач ал жакын туугандарына жардам берип жүрсө, эки жылдан берип атайын кызмат көрсөтө баштаган. Бизге берген маегинде бул жөнүндө кененирээк айтып берди.

—Мал союп, этин бышырып, жиликтегенге суроо-талап көппү?

—Мындай кызмат азыркы жашоо-шарттын талабы деп ойлойм, анткени азыркы жаштар эт тартмак турсун,жиликти да тааныбайт.

Муну туура түшүнсө деле болот, азыр илгеркидей дасторкон маданияты жок болуп баратпайбы.

Суроо-талап күз айларында көбүрөөк болот, куда тосуу, үйлөнүү той, дегендер көбөйөт.

Куран окуткандар чакырып калышат. Азыр үйүндө конок тоскондор аз,көбү ресторандарга чакырышат.

—Кызмат үчүн кандай акы аласыз?

—Макулдашууга жараша. Негизи бодо малды союп, жиликтеп, бышырып бергенге 6 миң, койго 1500 сом болот.

Мен айылда чоңойгом. Мурда айылда мал көп союлчу. Ошолорго аралашып жүрүп үйрөнгөм.

—Сизден этти жиликтөөнү үйрөнүүнү каалагандар болобу?

—Андайлар көп эле болот, көбүнчө шаардагылар. Бирок атайылап убактысын бөлгүсү келишпейт.

Мисалы, мурда бир айылдын же болбосо бир уруунун чыгданчылары болгон. Азыр деле ошол ошондой.

Көп жылдан бери эле мал союп, ютин бышырып, кызмат кылам, бирок, кызмат үчүн акча алчу эмесмин. Көбүнчө тааныштарга, тууган урук арасында гана кылчумун.

Эки жылдан бери акча алып, атайын ушундай кызматка өттүм.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты