​Алмазбек Атамбаев КСДП төрагалыгынан кетти

  • 5 лет мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан кетти жана КСДП мүчөлүгүн токтотту.

Бул тууралуу, бүгүн, 25-майда, партиянын Саясий кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

Алмазбек Атамбаевдин КСДП төрагалыгы кызматынан кетишинин себеби жакында ишке кирген “Кыргыз Республикасынын Президентинин кепилдиги тууралуу” мыйзамына өзгөртүүлөр, экс-президенттин кепилдигине киргизилген өзгөртүүлөр себеп болгону айтылды.

Экс-президенттер тууралуу мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, мурдагы мамлекет башчысы саясий иш менен алектене албайт, саясий партияларды жетектей албайт.

Партиянын төрагалыгынын милдетин Асел Кодуранова аткармакчы.

Фарид Ниязов Саясий кеңеш мүчөлүгүнө кирди.

Саясий кеңеш КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Дамир Мусакеевдин камалышы боюнча билдирүү кабыл алды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты