​Жол эрежесин бузгандарга салынган айып пулга оюңуз кандай? Видео.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешмеде жол кыймылынын эрежесин бузгандар үчүн айып пулдарды тууралоо маселесин иликтеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырган.

Бүгүнкү күндѳ жол эрежесин бузгандарга айып боюнча 108137 токтом түзүлгѳн, анын 44,5 пайызы тѳлѳнгѳн.

Учурда жол эрежесин бузгандардын ар башка түрлѳрү үчүн негизинен 1000 сомдон 5000 сомго чейин жоопкерчилик белгиленген.

Ушуну менен катар мас абалында айдоо, машина айдап баратканда бейбаштык кылуу, жогору ылдамдыкта айдоо боюнча катуу жоопкерчилик чаралары кѳрүлѳт.

Айып пулга айдоочулар нааразы экендигин билдиришти. Алардын айтымында, белгиленген айыптар элдин чѳнтѳгүнѳ туура келбейт, жогору болуп жатат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын февраль айынын тарта жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулдар салынып, «Коопсуз шаар» долбоору ишке киришип, Бишкектеги бир катар кѳчѳлѳргѳ камералар орнотулган.

Жол эрежесин бузулганда салынган айып пулдар боюнча айдоочулардын ой-пикирин сурадык. Алар айып пул жогору болуп жатканын айтышты. Айрым жарандар айып пулдун салынышы, өлчөмү туура эле, ошондо жол эреежесин бузгандар азаят деген пикирде.

Ой-пикирлер тууралуу төмөндө тааныша аласыздар: Видео.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты