​“Book House” тармактык китеп дүкөнү ачылды

  • 5 лет мурун

“Book House” тармактык китеп дүкөндөрүнүн экинчиси Бишкек шаарынын 7-кичи районунда ачылды.

24-май күнү саат 12:00дө дүкөндүн расмий ачылыш аземи болду.

Китеп дүкөндө кыргыз тилинде жарыяланган көркөм-адабий китептерден баштап, илимий-публицистикалык жыйнактар, орус, англис тилдериндеги дүйнөлүк бестселлерге чейин ар кандай тематикадагы китептерди табууга болот.

Дүкөн заманбап стилде жасалгаланып, жагымдуу маанай тартуулайт. Окурмандар кофе ичип олтуруп, китептерди барактап таанышуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Китеп – жан дүйнөнүн азыгы. Китеп окуган кишинин дили таза болот. Дили таза адамдын жашоосу максаттуу, ырааттуу, ырахаттуу өтөт.

Бул жалпы коом үчүн да, мамлекет үчүн да, ошол мамлекетте жашаган ар бир жаран үчүн да, өтө маанилүү. Демек, китеп жазуу, басып чыгаруу, таратуу, окутуу да ошончолук зарыл.

Дүкөндүн расмий ачылышында китептер 50 сомго чейин арзандатуулар менен сатылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты