​УКМК: «Атамбаевдин кабинетине тыңшоочу аппарат коюлду деген сөз чындыкка жатпайт»

  • 5 лет мурун

«Алмазбек Атамбаевдин жана Фарид Ниязовдун кабинетине Улуттук Коопсуздук комитетинин өкүлү болушу мүмкүн деген киши тыңшоочу аппарат коюуга аракеттенген деген сөз чындыкка жатпайт. Бул чагымчыл билдирүү» деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.

«Айрым саясий ишмерлер өзүн-өзү жарнамалаш үчүн, өзүнүн кадырын көтөрүш үчүн Кыргызстандын атайын кызматынын дарегине негизсиз сөздөрдү жармаштырып жатат.

Ошондуктан УКМК мекендештерди ЖМКдагы мындай тенденциялуу жана негизсиз айтылган нерседен сак болууга чакырат.

Ошондой эле “Форумдун” өкүлдөрү бул жагдайды териштирүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу, УКМК өз кезегинде буга өз көмөгүн көрсөтөт» деп билдирүү таратты Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин басма сөз кызматы.

Бүгүн, 24-майда, КСДП өкүлдөрүАлмазбек Атамбаевдин кабинетине КСДП штабынын кызматкерлери аркылуу атайын кызмат өкүлү тыңшоочу аппарат алып кирүугө аракет кылган деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты