​Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча жактоочулар Жогорку сотко дагы кайрылышты

  • 5 лет мурун

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароо боюнча жактоочулар Таалайгүл Токтакунова менен Чынара Жакупбекова Жогорку Сотко дагы кайрылышты.

Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын штабынан билдиришти.

Буга чейин да жактоочулар жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Текебаевдин ишин кароо боюнча Баш прокуратура кайрылганда, алар баш тартып, Жогорку сотко кайрылууну сунуштаган.

Жогорку сот 3-майда Текебаевдин ишин кайра карап, анын мүлкүн конфискациялоо жагын гана алып салып, мурдагы өкүмдү ошол боюнча калтырган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп коррупция боюнча айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты