​Шашылыш билдирүү: 25-26-майда нөшөрлүү жаан күтүлөт

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 25-26-майда бир катар жерлерде нөшөрлүү жаан жана мөндүр жаап, сел жүрүшү, абанын температурасы төмөндөшү ыктымал экендигин маалымдады.

Кыргызстанда 25-26-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы ыктымал.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

25-26 майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы ушундай маалымат берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты