​Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү долбоорлору каралды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 23-майда, Жогорку Кеӊеш жыйынында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча конституциялык мыйзам долбоорлорун талкуулоо улантылды.

“КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “КР референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам долбоору, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам долбоорлорун талкуулоо улантылды.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев чет өлкөлөрдө мекендештердин шайлоого кеңири тартылышы үчун алар көп жашаган шаарларга консулдуктарды ачуу керектигин белгиледи.

Депутат Руслан Казакбаев, шайлоолордо эл аралык, жергиликтүү байкоочулар, ЖМК өкүлдөрү канчалык көп болсо, шайлоонун ачык-айкын, таза өтүшү ошончолук жакшы болоорун айтып, бул жагдайды эске алууга чакырды.

Ошондой эле шайлоочулардын тизмеси добуш берүүгө бир ай калганда өзгөрбөшү керектигин белгиледи.

Депутат Төрөбай Зулпукаров шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуш кылды.

Бакыт Төрөбаев долбоорлордо олуттуу өзгөртүүлөр дээрлик жок, киргизилген түзөтүүлөр техникалык мүнөзгө гана ээ деп баа берди.

Б.Төрөбаев аталган мыйзам долбоорунун демилгечилерине башка депутаттар тарабынан иштелип чыккан альтернативдүү долбоорлорду дагы карап чыгып, андагы олуттуу түзөтүүлөрдү эске алууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты