Зарина Мамутова: «Баламдын чарчап калганына ишенбейм. Алмаштырып коюшкан» (Видео)

Токмок шаарынын тургуну Зарина Мамутова төрөт үйүндө дарыгерлер баласын алмаштырып койгонун билдирген.

Эне былтыр 22-декабрда эгиз бала төрөгөнүн, балдардын абалы жакшы болгонун, эмизгенин айткан. Эртеси күнү кечинде дарыгерлер бир баласын «эти ысып кетти» деп алып кетип, ошол боюнча ымыркай чарчап калганын, башка эле ымыркайдын сөөгүн берип коюшканын билдирди.

Ата-эне ымыркайдын сөөгүн экспертизага беришкен. Кызыгы, экспертиза «ымыркай өлүү туулган, инфекция болгон» деп чыгарган. «Балам бир жарым күн жакшынакай эле жашады, анан экспертиза өлүү туулду деп жыйынтык чыгарып жатат. Балада инфекция болсо, экинчиси дагы ошол эле тондо жатты, анда эмнеге анда жок?» дейт Зарина Мамутова.

«ПолитКлиника» медиасы Зарина Мамутова менен жолугуп, окуянын чоо-жайын билип келди. Кененирээк видео-материалда:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты