​Дастан Догоев Маалыматтык технология комитет жетекчи кызматына сунушталды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин Президентке сунуштады.

Буга чейин иштеп келген Бакыт Шаршембиев «КТ Мобайл» чырына байланыштуу кызматынан кеткен.

2014-2017-жылдары Догоев Каттоо кызматынын төрөгасынын орун басары болуп иштеген. Андан кийин Каттоо кызматынын төрагасы болуп, ал кызматтан 2018-жылдын 14-февралында өз каалоосу менен кеткен. Андан төрт айдан кийин Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

Каттоо кызматындагы паспорт чыры боюнча Дастан Догоев күбө катары өтөт. Паспорт чыры боюнча «Инфоком» жана Каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлерине айып тагылган.

Ошол тендерге байланыштуу Каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев, статс-секретарь Данияр Бакчиев, “Инфоком” директору Талант Абдуллаев кармалган.Аларга Кылмыш -жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголгон.

Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар киши катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган.

Бул иште Дастан Догоев күбө катары гана өтөт.

Дастан Догоев 32 жашта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты