​Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жашар кыз изделүүдө

  • 5 лет мурун

Он-Арча суусуна түшүп кеткен алты жашар кызды издөө улантылып жатат, ага 25 куткаруучу тартылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

21-майда Нарындагы №16 Аскерлештирилген өрткө каршы жана куткаруу бөлүгүнөн 21 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 4 суучул тартылган.

17-майда саат 20:00 чамаларында Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткен.

Ошол күндөн тартып изделип жатат.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты