Шыгаев музейдин эки сүрөтүн алганы үчүн кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болду

  • 5 лет мурун

Айтиев атындагы улуттук Көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алганы тастыкталды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» комиссия жетекчиси, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди.

Анын айтымында, Шыгаевди кызматтан бошотуу маселеси да козголгон, өзү да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды деген маалымат бар.

Юристанбек Шыгаев өзү жетектеген Көркөм сүрөт музейинен Николай Сверчковдун «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алган . Сүрөттүн көчүрмөсүн алуу үчүн сканерлөө учурунда бузуп алганын айткан. Ал айтылуу музей сүрөттөрүн калыбына келтирүүгө убада берген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты