​Сооронбай Жээнбеков Шаршембиевдин отставкасын кабыл алды

Жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Бакыт Шаршембиевдин отставкасын кабыл алды.

Бакыт Шаршембиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шаршембиевди арызына байланыштуу кызматынан бошотуу боюнча Президентке сунуш киргизген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


ЖаңылыктарБакыт ШаршембиевСооронбай Жээнбеков