Билим берүү боюнча китептер котормосунун бет ачары өттү

  • 5 лет мурун

“Кереге” фондунун демилгеси менен кыргызчага которулган атактуу Кен Робинсондун “Баланын жөндөмүн өнүктүргөн Креативдүү мектептер” китебинин жана Америка Психологдор ассоциациясы тарабынан даярдалган “Кенже курактан баштап мектеп курагындагы креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп — үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип” аттуу китептин бет ачаары болду.

Иш-чара бүгүн, 21-майда, А.Осмонов атындагы улуттук китепкананын Сауд Арабия залында өттү. Ага билим берүү тармагында иш алып барган коомдук ишмерлер, ишкерлер, мугалимдер, студенттер катышты.

Китептер англис тилинен кыргызчага түз которулду

Билим берүү боюнча айтылуу эксперт Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер» (Creative Schools: The Grassroots Revolution That’s Transforming Education) аттуу китеби буга чейин англис тилинен 15 тилге которулса, 16-болуп кыргызчага которулган.

Китепти которуу «Кереге» жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунун демилгеси менен ишке ашкан.

Кыргыз тилине Бакытбек Абдуллаев жана Кутманбек Мазарипов тарабынан которулуп, «Глобал принт» ЖЧК басмаканасынан басылып чыкты.

Кен Робинсон өзүнүн тажрыйбалары, байкоолору, мектептердин мыкты үлгүлөрү жана билим берүүнүн жаңычыл ыкмалары менен кеңири бөлүшөт.

Автор Кен Робинсон Англия, Сингапур өлкөлөрүндө билим берүү реформаларын натыйжалуу ишке ашырып, бул тармактын глобалдык лидери катары таанылган. Кишинин дараметин жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча «New York Times» гезитинин бестселлер китептеринин автору.

Абройлуу TED» конференциясындагы «Do schools kill creativity?» («Мектептер талантты бууйбу?») аттуу лекциясын 150 дөн ашык өлкөдө 300 миллиондон ашык киши көрүп, «TED» тарыхында эң көп көрүлгөн тасма болуп келет.

Орусча которула элек китеп

Америка Психологдор ассоциациясынын “Креативдүү, таланттуу жана жөндөмдүү балдарды окутуп үйрөтүүдөгү негизги 20 принцип” аттуу эмгеги буга чейин англис тилинен чех, эстон, француз, корей, кытай, португал, испан, серб, түрк, араб жана словен тилдерине которулган.

Бул эмгекти англисчеден кыргызчага Элмира Абжапарова жана Бакытбек Абдуллаев которгон.

Китептин кыргызча котормосу Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылган.

Китеп «Китепстан» басма үйүнөн даярдалып, «Глобал Принт» басмаканасында басылды. Китептин которулуп, басылып чыгышын жеке ишкер Таалайбек Кумбаев каржылаган. Бул эмгек орус тилине которула элек.

Китептер тууралуу ой- пикирлер

Китептин бет ачарында И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Тууганбай Коңурбаев мындай деди:

—Билим берүүдө жана жаш муундарды тарбиялоодо элдин баштан кечирген тажрыйбасына таянуу туура, бирок адамзаттын алдыңкы жетишкендиктерин колдонуу да өз натыйжасын берүүдө. Америкалык психологдордун иштеп чыккан 20 принцибин кыргыз аудиториясына адаптациялоонун өзү чоң эрдик жана биз сөз кылган келечекке жетүү үчүн колдонууга болот.


Монтессори-педагог, психолог Чынара Термечикова:

Негизги 20 принциптин ар бирин сын көз караш менен окуп чыгып, баарына макул болдум. Бул принциптердин жок дегенде бешөө колдонулса, билим берүүбүз бир топ алдыга жылмак.
№5 Улуттук компьютердик гимназиянын мугалими Талгат Деркембаев:

—Жогорудагы китептрерди мугалимдер үчүн мыкты колдонмо катары сунуштайм. Чынында, окутуучуларга педагогикалык авторитаризмден арылууга убакыт келип жеткени жашыруун эмес, — деди ал.

Сүрөттөр: «Кереге» фонду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты